Казакстандагы кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсү 10 жылга кесилди

Казакстанда Biz Birgemiz Qazaqstan кайрымдуулук фондунун жетекчиси Перизат Кайратка карата сот чечими чыкты. Ал он жылга, анын апасы Гайни Алашбаева жети жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле үй-мүлкү конфискацияланат.

Соттун чечимине ылайык, 50 жабырлануучунун доо арызын канааттандыруу үчүн алардан 1,5 миллиард теңге дагы өндүрүлүшү керек. Экөө тең сотто коюлган айыпты мойнуна алган эмес.