Казакстандагы канаттуулар фабрикасында тооктор ачкадан өлүп жатат

Казакстандын Акмола облусундагы канаттуулар фабрикасында тооктор массалык түрдө өлүп жатат. Кызматкерлердин айтымында, канаттуулардын өлүмүнө ачарчылык себеп болууда. Бул тууралуу КТК телеканалына шилтеме берүү менен «Центральная Азия» жазып чыкты.

Алар берген маалыматка караганда, тоокторго жем жумасына эки жолу гана берилет. Фабриканын кызматкерлеринин айтымында, аталган жайда күнүнө 3 миңге жакын тоок өлөт.  Ал эмес кызматкерлер ачка калуудан коркушат. Бул жерде иштегендердин орточо айлыгы 50 миңге жетпейт, бирок бул акчаны да алар эки айдан бери көрө элек.

«Беш жылдын ичинде биз айлыкты убагында алган жокпуз, дайыма аны суроого туура келет. «Күткүлө, бизди да түшүнгүлө. Тоютка да акча жетиштүү эмес» деп айтышат. Алар ошондой эле пенсияны, медициналык камсыздандырууну которушпайт», — дешет канаттуулар фабрикасынын кызматкерлери.

«Чоң канаттуулар фабрикасы аймакты жумуртка менен да, эт менен да камсыздоону эчак токтоткон»,- дейт телеканалдын журналисти. Жетекчиликтин айтымында, олуттуу көйгөйлөр кыш мезгилинде башталган. Канаттуулар үчүн жем өтө кымбат болуп, анын үстүнө рынокко башка атаандаштар да киришкен. Эми компания банкрот болуунун алдында турат. Ишкана жетекчилери тирүү калган канаттууларды сатыкка коюуну пландап жатышат. Түшкөн каражат эмгек акы боюнча карызды жабат. Фабриканы үч айга жабылуу чечимине келди.