Казакстандагы митингдер. 10-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Казакстанда 10-январь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Мындай чечимди президент Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бир катар аймактарындагы окуяларда каза болгон адамдардын көптүгүнө байланыштуу кабыл алган. Ушул күнгө дейре башаламандыктан улам каза болгондордун жалпы так саны белгисиз.