Казакстандагы митингдер. 5 миңден ашуун киши кармалып, 125 кылмыш иши козголду

Өлкөдөгү башаламандыктын фактысы боюнча 5 миң 135 киши кармалып, 125 кылмыш иши козголду Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

«Полиция кызматкерлери менен курсанттар ур-токмокко алынган, формасын жана атайын каражаттарын тартып алышып, аларга карата туш келди ок атылган, бир эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерин эмес, катардагы жарандарды да өлтүрүшкөн. Башаламандыкта 400дөй унаа, анын ичинде 346 полициянын кызматтык унаасы жараксыз абалга келди», — деди Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев.

Кечээ, 8-январда башаламандыктын жүрүшүндө 4 миңден ашуун жаран кармалганы жана алардын арасында чет өлкөлүктөр бар экени маалымдалган. Бирок кайсы мамлекеттин жарандары экендиги тууралуу айтылган эмес.