Бүгүн, 4-январда Казакстандын Актобе шаарындагы акимчиликтин имаратынын жанына миңдеген жарандар чогулушту. Алар газдын баасынын кымбатташына каршы чыгышууда. Ушул сыяктуу эле митингдер Жаңы-Өзөн, Актау, Алматыда болуп өткөн, айрымдары учурда да уланып жатат. Түрдүү шаарларда тартылган видеолорду соцтармактын колдонуучулары бөлүшүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу.