Казакстандагы митингдер. Алия Назарбаева атасына колдоо көрсөткөн элге рахмат айтты

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева аталган өлкөдө орун алган башаламандыктан кийин биринчи жолу үн катты. Ал билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялап, анда атасын колдогон казакстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.

«Бул катаал сабак баарыбыз үчүн тарыхыбызда акыркысы болсун. Бейпил мезгилде адамдардын өлгөнү туура эмес. Сиздерден алып жаткан колдоо сөздөргө рахмат айтам. Ошондой эле ушул учурда атамды моралдык жактан колдоп жаткандарга ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.


Коңшу өлкөдөгү митингдер 2-январда башталып, ал бир катар аймактарда башаламандык менен коштолду. Бул аралыкта Нурсултан Назарбаевдин жана анын жакындарынын өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтар бир канча жолу тараган. Ал кептер маалымат катчылары тарабынан төгүндөлгөнү менен ушул күнгө дейре туңгуч президент да, анын жакындары да эл көзүнө көрүнө элек.