Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы шаары менен Мангистау облусуна 5-январь саат 01:30дан баштап 19-январь саат 00:00гө чейин өзгөчө абал киргизди.
Аталган режим коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулук менен укук тартибин калыбына келтирүү, жарандардын укугу жана эркиндигин коргоо максатында, ошондой эле жарандардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралганына байланыштуу киргизилгени маалымдалды. Мындан улам, Алматы шаары менен Мангистау облусунда өзгөчө абал күчүндө болгон мезгил аралыгында саат 23:00дөн тарта 07:00гө чейин коменданттык саат да киргизилди. Өкмөт аталган режимди камсыздоо үчүн керектүү каражат бөлүп берүүсү тапшырылды.
Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу.