Казакстандагы митингдер. Алматы шаарында рэпер жана музыкант Сакен Битаев өлтүрүлдү

Кечээ, 7-январда Алматы шаарында рэпер жана музыкант Сакен Битаевдин башаламандык учурунда өлтүрүлгөнү маалым болду.

«Музыкант менен анын досу экөө сүйлөшүп отурган унааны топ болуп келген адамдар тартып алышмакчы болушкан. Арткы эшикти ачууга аракет кылганда алар айдап жөнөшкөн. Ошол учурда кол салгандар унаага карай ок чыгарышкан. Октордун бири рэпердин өпкөсүн тешип өткөн», — деп жазылат маалыматта.