Казакстандагы митингдер. Алматыда эки полиция кызматкери башы кесилген абалда табылды

Алматыдагы башаламандыктан кийин укук коргоо органдарынын эки кызматкеринин жансыз денеси башы кесилген абалда табылды. Жалпы кагылышууларда 13 полиция кызматкери каза болду. Күч түзүмдөрүнүн 353 кызматкери жаракат алган. Бул тууралуу казак басылмалары шаардын комендатурасына таянып жазышты.

«Бүгүн таң эртеден баштап куралдуу бандиттик түзүмдөр Алматыдагы эки оорукананы курчап алышкан. Алар бейтапканага Тез жардам менен келгендерди, дарыгерлерди, бейтаптарды өткөрбөй турушкан», — деп комендатурадан айтып беришкен. Ошондой эле, полиция департаментинен 6-январга караган түнү Алматыдагы кагылышууларда башаламандыктын ондогон катышуучулары жок кылынганын, алардын аты-жөнү аныкталып жатканын билдиришкен. Так саны азырынча белгисиз.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.