Казакстандагы митингдер. Алматыда жабыркагандардын саны 190 кишиден ашып, реанимацияга 7 адам түштү

Алматы шаарындагы ооруканаларга 190 киши кайрылып, анын ичинен 40ы жаткырылды. Бейтапкананын реанимациясына 7 адам түштү, анын ичинен төртөө полиция кызматкери. Жалпы жабыркагандардын ичинен полиция кызматкерлеринин саны — 137 киши. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.