Казакстандагы митингдер. Алматыда окко учкан 4 жашар кыздын ата-энесине үч бөлмөлүү батир берилет

Алматы шаарынын акими Бакытжан Сагинтаев башаламандыкта каза болгон 4 жашар Айкоркем Мелдехандын үй-бүлөсүнө кабар алганы барып, көңүл айтты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлүп, үч бөлмөлүү батир берилет.

6-январда Алматыда башаламандык учурунда Айкоркем аттуу 4 жашар кыз окко учуп каза болгону маалым болгон. Анын Жанель аттуу 15 жаштагы эжесине да ок тийген, ал учурда реанимация бөлүмүндө дарыланууда.