Казакстандагы митингдер. Алматыда октон каза тапкан жубайлардын сөөгүнүн калдыктарын баштыкка салып келишкен

Алматыда каза тапкан жубайлардын унаасы аткылоого дуушар болуп калып, кийин унаа жансыз денелер менен кошо өрттөлүп, алардын сөөгүнүн калдыктары баштыкка салынып келген. Бул тууралуу аталган шаардын тургуну жана каза болгон жубайлардын уулу Даурен Биткембаев казак басылмасына айтып берген.

Анын айтымында, 7-январь күнү кечинде жубайлар уулун шаардын жогорку жактагы аймагына жеткиришкен. «Алар көнгөн жол менен үйгө кайтып бара жатышкан. Ата-энемдин унаасы аткылоого туш келип калган. Алар ошол жерден жан берген. Кийин белгисиз адамдар унаага өрт койгон», — деп айтып берген маркумдардын уулу.

Ал ошол эле күнү полиция бөлүмүнө кайрылган. Полиция кызматкерлери аларга улуу жаштагы жубайлар өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат келип түшкөнүн айтышкан. Анын ата-энесинин сөөгүнүн калдыктары өлүкканага баштыкка салынып келген. Даурен Биткембаев апасын тишинен тааныган. Бирок ал ата-энесин жерге бере элек, анткени соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгышын күтүүдө.