Казакстандагы митингдер. Алматыдагы аэропорт митингчилердин карамагына өтүп, Бишкек-Алматы каттамы токтоду

Алматы шаарындагы аэропорт митингчилердин карамагына өтүп, анда иштеген кызматкерлер эвакуацияланды. Тагыраагы 50гө чукул жаран бастырып кирери менен аэропорттун кызматкерлери чыгып кетишкен. Аэропорттун имаратындагы жүргүнчүлөр мейманканага жеткирилген.

Алматы шаарындагы аэропортко дүйнөнүн төрт тарабынан учуп келип, коно турган бир катар рейстер токтотулуп жатат. Анын ичинде Москва, Минск, Дубай, Баку, ошондой эле Бишкек шаарынан да бар. «Манас» аэропортунан бүгүн, 5-январда саат 20:15те учуусу пландалган каттам токтотулганын «Эйр Астана» авиакомпаниясынан маалымдашты.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.