Казакстандагы митингдер. Алматыдагы акимчилик армиянын курчоосуна алынды

Бүгүн, 5-январда Алматы шаарындагы акимчиликтин имараты аскер кызматкерлери жана аскердик техника менен курчалып турат. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Аталган имараттын 5-январга караган түнү митингчилер тарабынан басып алынганы маалымдалган эле. Соцтармакка тараган видеолордун биринен митигнчилердин «Акимчилик биздики. Тууну жерге таштабагыла» деп сүйлөп жатканын угууга болот.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.