Казакстандагы митингдер. Алматыдагы акимчилик кайрадан митингчилердин карамагына өттү

Бүгүн, 5-январда Алматы шаарындагы акимчиликтин имараты кайрадан митингчилердин карамагына өттү. Соцтармакка тарап жаткан видео-фотолорго караганда, алар имараттын ичине бастырып киришип, кабаттарга көтөрүлүп жайгашууда. Ошол эле учурда имараттын алдында атайын каражаттар жардырылып, түтүн каптаганы, имараттын бир капталы күйүп жатканы да көрүнөт.

Акимчиликтин имараты 5-январга караган түнү да митингчилер тарабынан басып алынган, бирок кайра ал күч түзүмдөрүнүн карамагына өткөн эле.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.