Казакстандагы митингдер. Алматыдагы өлүкканаларга 7 жолу чабуул жасалып, 41 жансыз дене уурдалган

Казакстанда башаламандык учурунда Алматыдагы өлүкканаларга 7 жолу чабуул жасалып, 41 жансыз дене уурдалган. Бул тууралуу аталган шаардын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов билдирди.

Анын айтымында, чабуул жасагандар каза болгон адамдардын жансыз денесин көчөдө калтырбай, жаракат алгандарды өздөрү менен кошо ала кетип, атүгүл, өлүкканалардан сөөктөрдү да алып кетишкен.

Буга чейин Башкы прокуратурадан башаламандыкта 225 киши каза болгонун маалымдашкан.