Казакстандагы митингдер. Алматыдагы полиция бөлүмүнө бир түндө 27 жолу чабуул жасалган

Казакстандын Алматы шаарындагы полиция бөлүмүнө бир түндө 27 жолу чабуул жасалган. Бул тууралуу Алматынын полиция департаментинин расмий өкүлү Салтанат Азирбек билдиргенин казак басылмалары жазышты.

«5-январдан 6-январга караган түнү, тагыраагы кечки саат 20:00дөн баштап таңкы саат 05:00гө чейин полиция бөлүмүнө 27 жолу чабуул жасалды. Анын баары ишке ашкан эмес. Курал-жарак кампасы департаменттин имаратында болгон», — деген ал.