Казакстандагы митингдер. Алматылык ишкер алоолонуп күйгөн акимчиликтин имаратынан 40тай курсантты алып чыккан

Алматылык ишкер жана мурдагы аскер кызматкери Дамир Аманжолов 6-январда алоолонуп күйгөн акимчиликтин имаратынан чыга албай калган 40тай курсантты алып чыккан. Анын эрдиги учурда соцтармакта талкуу болуп жатат.

«Мен үйдө отуруунун ордуна мурда чогуу кызмат өтөгөн аскерлерди куткарып, жалпы жонунан укук коргоо органдарына жардам берип, туулган шаарымды талоончулардан коргодум, өрт өчүрүп жүрдүм. Биринчи эле акимчиликтин имаратына бардым. Ал жерде аскерлер имаратты кайтарып жатышкан экен. Башында жакшы түшүнбөй жаттым, анан өрттөнө баштады. Акимчиликтин артында жайгашкан резиденцияны басып алуу аракети да жүрүп жатты. Бир мезгилде акимчиликтин ичинде аскерлер калып калышты деп угуп калдым. Дал ушул мезгилде имараттын туш тарабы алоолонуп күйүп жаткан», — деп айтып берген Аманжолов.

Ишкер өзүнө окшош шаар тургундары менен бириге калып, көчөдөн жарандык кийим чогултуп, аны аскерлерге берген. «Аскерлер болгону 18-20 жаштагы курсанттар экен! Коркуп калышкан. Мен аларды өрттөнүп жаткан акимчиликтин имаратынын ар жактагы эшигинен чыгара баштадым. Баш-аягы 40тай кишини алып чыктык», — деген ал. Бул аралыкта ишкерди укук коргоо органдарынын кызматкери деп ойлогондордун бири анын бутуна резина ок атканын билдирген.