Казакстандагы митингдер. Алматынын Республика аянтында атышуу болуп жатат

Бүгүн, 6-январда Алматы шаарынын Республика аянтында атышып жатышат. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү ЖМКлар жазып жатышат.

Аянтта 50дөй аскердик техника бардыгы жана анын аймагын куралданган аскер кызматкерлери курчоого алганы маалымдалат. Ошондой эле, 200гө жакын аскер кызматкерлерине тиешеси жок куралданган адамдар да бар.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.