Казакстандагы митингдер. Алматынын тургундары да көчөлөргө чыгып, мобилдик интернет өчүрүлдү

Бүгүн, 4-январда Алматы шаарынын тургундары да Жаңы-Өзөндүн тургундарынын нааразычылык акциясын колдоп, массалык түрдө көчөлөргө чыгышты. Ошондой эле, соңку мүнөттөргө алынган маалыматка караганда, Алматыда мобилдик интернет өчүрүлгөнү айтылууда.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу.