Казакстандагы митингдер. Атайын операцияда 26 киши жок кылынды

Казакстандагы кылмышкерлерди жок кылуу боюнча атайын операциянын жүрүшүндө 26 кишинин көзү тазаланды. 18 куралдуу адам жаракат алган. Атайын операцияда 3 миңден ашуун киши кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып «Хабар 24» мамлекеттик телеканалынан билдиришти.

Алматы шаарында бүгүн, 7-январь күнү да атайын операция уланууда. Казакстанда башаламандык аяктай элек жана бул соңку окуялардан каза болгондор, жаракат алгандар тууралуу так маалымат белгисиз болууда.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.