Казакстандагы митингдер. Атасын колдогон элге рахмат айткан Алия Назарбаева соцтармак менен «коштошту»

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева Фейсбук жана Инстаграмдагы баракчаларын жаап салды. Ага чейин ал атасын колдогон элге рахмат айткан билдирүү жарыялаган. Билдирүүдөн кийин соцтармак колдонуучулары анын баракчасы аркылуу Алия Назарбаеванын Бириккен Араб Эмираттарында экендигин жазып чыгышты.

Коңшу өлкөдөгү митингдер 2-январда башталып, ал бир катар аймактарда башаламандык менен коштолду. Бул аралыкта Нурсултан Назарбаевдин жана анын жакындарынын өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтар бир канча жолу тараган. Ал кептер маалымат катчылары тарабынан төгүндөлгөнү менен ушул күнгө дейре туңгуч президент да, анын жакындары да эл көзүнө көрүнө элек.