Казакстандагы митингдер. Баары 200дөн ашуун имарат талкаланган, алар 20-февралга чейин оңдолот

Казакстанда башаламандык учурунда талкаланган мамлекеттик жана бизнес-объекттер 20-февралга чейин оңдолот. Бул тууралуу аталган өлкөнүн индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри Каирбек Ускенбаев өкмөттүк жыйында билдирди.

Анын айтымында, баары 204 объект, анын ичиннен Алматыда 166 объект талкаланган. Өлкөнүн сегиз аймагында 53 административдик имарат, ошондой эле чакан жана орто бизнестин 151 объектине зыян келтирилген. «Талкаланган мекемелердин так саны күн сайын жаңыланууда», — деди министр. Бардык аймакта комиссиялар түзүлүп, алар келтирилген зыянды баалап жатышат. Имараттарды оңдоону 16-январда баштоо пландалууда.