Казакстандагы митингдер. Башаламандыкта 164 киши каза болду. Анын ичинен 111 өлүм Алматыда

Казакстанда башаламандык учурунда 164 киши каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Алматы шаарында 103 киши, анын ичинен 2 бала, Кызылордада 21 адам, Жамбылда 10 киши, Алматы облусунда 8 адам каза болгон. Андан тышкары 2 миң 200дөн ашуун киши бейтапканага жардам сурап кайрылган. Жабыркагандардын эң көбү да Алматыга туура келет.