Казакстандагы митингдер. Башаламандыкта 164 киши каза болгону расмий маалымдалып, кайра расмий төгүндөлдү

Кечээ, 9-январда Казакстанда башаламандык учурунда 164 киши каза болгонун, өлүмдүн көбү Алматыда катталганын аталган өлкөнүн  саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкан.

Кийинчерээк жогорудагы маалыматты «техникалык ката» деп аташып, министрликтен каза болгондор тууралуу кабарды чындыкка дал келбейт дешти. Тагыраагы министрликтен андай сан берилбегенин, ал эми статистиканын жарыяланышы техникалык ката экенин билдиришти.

Ошентип, Казакстанда башаламандык учурунда каза болгондор тууралуу маалымат так эмес бойдон калууда. Бүгүн, 10-январда коңшу өлкөдө улуттук аза күтүү өтүп жатат.