Казакстандагы митингдер. Башаламандыкта 225 киши каза болду

Казакстандын бир катар аймактарында орун алган массалык башаламандык учурунда каза болгондордун жана жабыркагандардын саны белгилүү болду. Бул тууралуу казак басылмалары өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянып жазышты.

«Казакстан боюнча 4 миң 478 адам жабыркаган, алардын 3 миң 393ү — күч органдарынын кызматкерлери. Өзгөчө абал режими учурунда өлүкканага 225 каза болгон киши жеткирилген. Алардын айрымдары башаламандыкка катышкан куралдуу адамдар, 19у полиция жана аскер кызматкерлери. Калганы жай тургундар», — деди Башкы прокуратуранын кызматтарынын биринин башчысы Серик Шалабаев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, 225 каза болгон адамдын 175и ооруканаларда көз жумган.