Казакстандагы митингдер. Башаламандыкта 4 жашар кыз менен 11 жаштагы бала окко учуп каза болду

Алматыда башаламандык учурунда Коркемай аттуу 4 жашар кыз окко учуп каза болгону маалым болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

«6-январь күнү кечинде кыз агасы менен азык-түлүк алууга барып, үйгө кайтууда аянттын жанынан өтүшкөн. Унаада кыздан тышкары агасынын эки баласы да болгон. Алар да октон жаракат алышкан, анын бири, 9-класстын окуучусу реанимацияга түшкөн. Коркемайга ок башына тийген. Балдарды ооруканага ошол ок атылган унаа менен жеткиришкен», — деп жазылат маалыматта.

5-январда ушул эле Алматы шаарында башаламандыкта 11 жаштагы өспүрүмгө ок тийип каза болгону да маалым болгон. Ок атышуу башталган учурда бала үй-бүлөсү менен сейилдеп жүргөн.

Кечээ, 7-январда дагы бир өспүрүм балага ок тийип, ооруканага жеткирилгени маалымдалган. Ал 15 жашта. Бала атасы менен унаада болгон жана алардын унаасы аткылоого дуушар болгон. Оор жаракат алган баланын өмүрүн сактап калууга дарыгерлер аракет кылып жатышат. Атасы да жаракат алып, ал да ооруканада.