Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы, депутат Дарига Назарбаева бүгүн, 12-январда да парламенттин жыйынына келген жок. Анын 3-январда коронавирус илдетин жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Коңшу өлкөдөгү митингдер 2-январда башталып, ал бир катар аймактарда башаламандык менен коштолду. Бул аралыкта Нурсултан Назарбаевдин жана анын жакындарынын өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтар бир канча жолу тараган. Ал кептер маалымат катчылары тарабынан төгүндөлгөнү менен ушул күнгө дейре туңгуч президент да, анын жакындары да эл көзүнө көрүнө элек.