Казакстандагы митингдер. «Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөл кармалды (сүрөт)

Бүгүн, 7-январда Казакстанда «Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөл Арман Жумагелдиев кармалды. Андан тышкары, атайын операциянын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун 6 мүчөсү да колго түшүрүлдү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары Ички иштер министрлигине таянып жазышты.

Ал буга чейин Казакстанга учуп келип, каршылык акцияларга чыгып жаткандарга кайрылып, чагымчылдарды укпоону жана башаламандыкты токтотууга чакырган.