Казакстандагы митингдер. Газ, бензин жана азык-түлүктүн баасына 180 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал боюнча жыйында суюлтулган газ, бензин, дизель жана азык-түлүктүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизүүнү тапшырды.

Өлкө башчысынын айтымында, азык-түлүктүн баасы боюнча ар бир аймактагы социалдык-экономикалык кырдаалга жараша акимдер тарабынан чечим кабыл алынат. Ал өлкөдөгү нааразычылык кырдаалга жол берүүгө Энергетика министрлигин, «Казмунайгаз» жана «Казакгаз» компанияларын, жалпы жонунан өкмөттүн саясатын күнөөлөдү. Ошондой эле, президент социалдык жактан аярлуу калктын катмары үчүн коммуналдык кызматтын тарифин жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү керектигин айтты.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.