Казакстандагы ЖККУнун миссиясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.
Анын айтымында, террорчулукка каршы операциянын курч фазасы өттү. Эки күндөн кийин ЖККУнун контингенти өлкөнүн аймагынан чыгарыла баштайт жана ал 10 күнгө созулат.