Казакстандагы митингдер. Камакка алынган Назарбаевдин көп жылдык санаалашы бийликти басып алууга шектелүүдө

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети аталган комитеттин мурдагы башчысы Карим Масимовго каршы мамлекеттик чыккынчылык фактысы боюнча соттук өндүрүштү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

«Иштин алкагында бийликти күч менен басып алуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга багытталган аракеттердин фактылары боюнча кошумча соттук териштирүү башталды», — деп жазылат маалыматта.

Карим Масимов менен кошо анын эки орун басары кармалганы маалымдалды. Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожин да жогорудагы эле кылмыштарга шектелүүдө.