Казакстандагы митингдер. Кармалгандардын бири Кыргызстандан барганын айтты

Бүгүн, 9-январда Алматыда кармалгандардын бири сурак учурунда Кыргызстандан барганын айтканы тартылган видео казак басылмалары тарабынан жарыяланды.

Анын айтымында, 1-январда ага белгисиз адамдар байланышып, 90 миң тенгеге митингге катышууну сунушташкан. «Менин Кыргызстанда ишим жок болгону үчүн макул болду. 2-январда Алматыга учуп келип, мени батир үйлөрдүн бирине алып барышты, ал жерде Тажикстан менен Өзбекстандан келген жарандар бар болчу. Мен алардын эмне деп сүйлөшкөнүн түшүнгөн жокмун», — деген ал. Кыргыз жаранымын деген адам митингдерге башталганда коркуп, кайра үйгө келгенин, ал жерде түнөгөнүн, кийинки күнү үйгө кайтайын дегенде Самсы айылынан аскер кызматкерлери тарабынан кармалганын айтып берген.

Кечээ, 8-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалгандардын арасында Кыргыз жарандарынын бардыгы тууралуу маалыматты тактап жатканын билдирген. Буга чейин коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен башаламандыктын жүрүшүндө 4 миңден ашуун жаран кармалганын жана алардын арасында чет өлкөлүктөр бар экенин маалымдашкан эле.