Казакстандагы митингдер. Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан Назарбаев кетип, ордуна Токаев келди

Нурсултан Назарбаев мындан ары Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы эмес. Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 5-январдан тарта бул кызматты өзү ээлей турганын билдирди.

Өлкө башчысы ошондой эле митингдер боюнча мындан ары катаал чара көрүлөрүн да айтты. «Окуя кандай болуп өнүкпөсүн, мен борбордо болом. Президент катары Казакстандын бүтүндүгү тууралуу тынчсызданып, жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун коргоого милдеттүүмүн. Көрүлган чаралар көп улуттуу Казакстандын бакубаттуулугуна багытталган. Бирок бул чаралар жетишсиз. Бейбаштык кылып жаткандардын уюшкандык жактан жогорку деңгээлде болгону көңүл бурдуруп жатат. Бул тымызын сүйлөшүп алгандардын аракеттери тыкыр пландалганын билдирет. Жакын арада мен Казакстандын саясий трансформациясы боюнча жаңы сунуштарды айтып чыгам», — деди Казакстандын президенти.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.