Казакстандагы митингдер. Күч түзүмдөрүнүн 8 кызматкери каза болду

Казакстандын түрдүү шаарларындагы башаламандык учурунда полиция кызматынын жана Улуттук гвардиянын аскерлеринен 8 кызматкери каза болду. Дагы 317 адам жаракат алышкан. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.