Казакстандагы митингдер. Башаламандыкта миңден ашуун адам жаракат алды

Казакстандагы башаламандыкта миңден ашуун адам жаракат алды. Бейтапканаларга 400дөй киши жаткырылган, анын ичинен 62си реанимацияда. Ал эми каза болгондор тууралуу маалымат бериле элек. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып басылмалар жазышты.

Казакстандын Ички иштер министрлиги полиция кызматынын жана Улуттук гвардиянын аскерлеринен 8 кызматкери каза болгонун, дагы 317 кызматкери жаракат алышканын маалымдаган.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.