Казакстандагы митингдер. Нааразы болуп чыккан жарандардын күч түзүмдөрү менен кагылышы, кармалышы, таратылышы

Бүгүн, 4-январда коңшу Казакстандын бир катар шаарларында массалык түрдө митингдер өтүп жатат. Соңку сааттарга карата митингдин катышуучуларын күчтөп таратуу, аларды кармоо, айрым жерлерде нааразычылык акциясынын чыккан жарандардын күч түзүмдөрү менен тирешүүсү орун алууда.

Мангистау облусунда протестке чыккандар жолду тосуу үчүн аскер кызматкерлерин жеткирип жүргөн армиялык жүк ташуучулардын артынан кубалашкан. Алардын аскердик техниканын бир бөлүгүн тартып алышканы да маалымдалууда.


Кызыл-Ордада митингге чыккандарды күчтөп таратуу аракети көрүлүп жатат.


Талдыкорганда саат 22:00 чамасынан тартып митингчилерди кармоо башталды.


Алматы шаарында да массалык түрдө кармап кетүү жүрүп жатат. Анда көчөлөр тосулуп, айрым жерлерде митингчилердин күч түзүмдөрү менен кагылышуусу орун алууда. Казакстандын демократиялык партиясынын лидери Жанболат Мамайдын сабалганы да маалымдалып жатат.


Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу.