Казакстандагы митингдер. Назарбаев дарылануу үчүн Казакстандан чыгып кетүүгө даяр

Казакстандын мурдагы президенти жана өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин түбөлүк башчысы (ред. анын бул кызматтан куржалак калганы маалым болдуНурсултан Назарбаев дарылануу үчүн Казакстандан чыгып кетүүгө даяр. Бул тууралуу ЖМКлар «Эхо Москвы» радиостанциясынын башкы редактору Алексей Венедиктовго таянуу менен жазышты.

Журналист өз учурунда Тышкы иштер министрлигиндеги булагына шилтеме берүү менен жогорудагы маалыматты Телеграм каналына жарыялаган.


Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.