Казакстандагы митингдер. Назарбаевдин эстелиги кулатылып, ал экиге бөлүнүп калды

Казакстандын Талдыкорган шаарында 2016-жылы орнотулган Нурсултан Назарбаевдин эстелигин митингчилер кулатышып, ал экиге бөлүнүп калды. Азыр ал постаменттин жанында жатат. Ага чейин эстеликти талкалоо үчүн ага жип байланып, аны бузуу аракети көрүлүп жаткан болчу.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.