Казакстандагы митингдер. Назарбаевдин эстелигин аягында «асып» коюшкан

5-январда Казакстандын Талдыкорган шаарында 2016-жылы орнотулган Нурсултан Назарбаевдин эстелигин митингчилер кулатышып, ал экиге бөлүнүп калган. Экиге бөлүнүп калгандан кийинки эстеликти эмне кылышканы тууралуу тартылган видео кечээ, 12-январда тарады. Тагыраагы митингчилерге эстеликтин талкаланганы аз болгон көрүнөт, алар андан ары баш жагы бар бөлүгүн тепкилеп, кийин «асып» коюшкан.