Казакстандагы митингдер. Назарбаевдин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетүүнү өзү чечкени маалымдалды

Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы кызматын өзү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берди. Бул тууралуу туңгуч мамлекет башчысынын маалымат катчысы Айдос Укибай маалымдады.

«Кырдаал оор болуп жатты. Ошондуктан, елбасы Коопсуздук кеңешин жетектөө чечимин өткөрүп берүүнү өзү кабыл алды. Анткени ал башаламандык жана террорчулук өлкө жетекчилигинен оперативдүү, катаал жана компромисске келбеген жоопту күтүп турганын түшүндү», — дейт Назарбаевдин маалымат катчысы. Анын айтымында, елбасы менен президент дайыма баррикаданын бир тарабында болуп келишкен.

Кечээ, 8-январда Айдос Укибай Казакстандын туңгуч президенти Нур-Султан шаарында экенин билдирген.