Казакстандагы митингдер. Назарбаевдин көп жылдык санаалашы Карим Масимов чыккынчылыкка шектелип кармалды

Бүгүн, 8-январда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов кармалды. Ал чыккынчылыкка шектелүүдө жана учурда тергөө абагына киргизилген.

Карим Масимов коңшу өлкөдөгү массалык митингдердин коштоосунда 6-январда кызматтан бошотулган. Ал атайын кызматтын жетекчилигине 2016-жылы дайындалган болчу. Ага чейин эки жолу баш-аягы 7 жылдай өкмөттү башкарган. Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары таанымал.