Казакстандагы митингдер. Назарбаевдин маалымат катчысы: «Елбасы Нур-Султанда. Ал баарын Токаевдин айланасына биригүүгө чакырат»

«Елбасы Нур-Султанда. Ал баарын Токаевдин айланасына биригүүгө чакырат». Бул тууралуу Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Укибай соцтармактагы баракчасына жазды.

«Елбасы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында. Калп маалыматты таратпоону суранабыз. Елбасы бир катар консультативдик жолугушууларды өткөрүп, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта. Елбасы азыркы чакырыктарды жеңүү жана биздин өлкөнүн бүтүндүгүн камсыздоо үчүн баарын Казакстандын президентинин айланасына биригүүгө чакырат», — деп жазылат билдирүүдө.