Казакстандагы митингдер. Өкмөт отставкага кетти

Бүгүн, 5-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы кол койду.

Өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруу отставкага кеткен өкмөттүн курамында биринчи вице-премьер болгон Алихан Смаиловго жүктөлдү. Жарлыкка ылайык, өкмөт мүчөлөрү министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилгенге чейин милдеттерин аткарууну улантышат.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу.