Казакстандагы митингдер. Өз жанын кыйган полиция башчысы митингге чыккандарды атпоого буйрук берген

Өз жанын кыйган Жамбыл облусундагы полиция департаментинин башчысы Жанат Сулейманов кол алдындагыларга башаламандыктын катышуучуларына ок чыгарбоону жана аларга полиция департаментинин имаратынан кетүүнү буюрган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

6-январга караган түнү полиция департаментине кол салуу болгон учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери имараттан чыгып кетишкен. Аты-жөнүн жашыруун кылууну өтүнүп ошол күндөгү окуяны баяндап берген полиция кызматкерлеринин айтымында, кагылышууда катардагы жарандарга ок тийип калуу тобокели жогору болгон. «Анын буйругунда жаман ой болгон жок. Ал болгону эл арасынан курман болгондор болушун каалаган жок жана чыныгы офицердей окуя үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алды. Кол салгандар мурдатан даярдык көргөнүн эч ким билген эмес», — дешкен алар.

Кечээ, 11-январда Таразда Жанат Сулеймановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.