«Силердин башыңарга миңдеген доллар сайылды» деди Лукашенко Казакстандан кайтып келген аскерлерине

Бүгүн, 15-январда Беларустун президенти Александр Лукашенко Казакстандан кайтып келген аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөдү. Анын айтымында, майда-чүйдөсүнөн өйдө бардык операция бир сааттын ичинде Беларусь президенти жана Орусиянын президент Владимир Путин тарабынан иштелип чыккан.

«Кимдир бирөөң билбейт чыгарсаң, бирок силердин башыңар үчүн миңдеген доллар төлөп берүүгө даяр болушту. Беларус жана орусиялык аскер кызматкери үчүн деп жазып жатышты. Силер аман-эсен келдиңер. Мен бул үчүн силерге жана командирлериңерге ыраазымын. Күн сайын эртең менен жана кечинде коргоо министринен ар бир аскердин абалын сурап жаттым. Силер ишиңер эң мыкты аткардыңар», — деген ал.