Казакстандагы митингдер. Соңку сутка ичинде 200дөн ашуун адам кармалды

Коңшу Казакстанда газдын кымбатташына каршы чыккан нааразычылык акциялардын жүрүшүндө 200дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Алматы, Шымкент жана Тараз шаарларында акимчиликтерге кол салуу аракеттери болуп, имараттардын эшик жана терезелери талкаланган. Кармалган жарандар министрликтин версиясы боюнча, ички иштер органдарынын 95 кызматкеринин денесине жаракат келтирип, 37 кызматтык унаага зыян келтиришкен.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.