Казакстандагы митингдер. Telegram жана WhatsApp иштебей жатат

Казакстандагы массалык митингдердин коштоосунда Telegram, WhatsApp жана Signal мессенжерлери иштебей жатат. Аталган мессенжерлер саат 22:00 чамасынан бери иштебей калганы айтылууда. Алматы шаарында да мобилдик интернет иштебей жатканы маалымдалган болчу. Атүгүл Алматы жана борбор калаадан тышкары башка шаарларда да мобилдик интернет үзгүлтүккө учурап, маал-маалы менен байланыштын өзү да жоголуп жатат.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу.