Казакстандагы митингдер. Токаев «Алматынын кулашы бүт өлкөнү басып алууга жол ачмак» деди

«Агрессия бир учурда өлкөнүн 11 аймагын камтып, бирок башкы сокку Алматыга каршы багытталды». Бул тууралуу кечээ, 10-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун кезексиз жыйынында билдирди.

«Бул шаар биздин өлкөнүн эң чоң калаасы жана финансылык борбору. Алматынын кулашы калк жыш жайгашкан өлкөнүн түштүгүн, кийин бүтүндөй мамлекетти басып алууга жол ачмак», — деди казак президенти.