Казакстандагы митингдер. Токаев эл арасынан каза болгондордун саны такталып бүтө электигин айтты

Кечээ, 10-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун кезексиз жыйынында сүйлөп жатып, башаламандыкта каза болгондор тууралуу токтолду.

«Агрессия өлкөнүн 11 аймагын камтып, Алматыда президенттин резиденциясынын жанында согушчандар топтолду. Мунун баары бизден буга чейин болуп көрбөгөндөй чара көрүүнү талап кылды. Күч түзүмдөрүнүн 16 кызматкери каза болду, 1300дөн ашууну жаракат алды. Тилекке каршы, эл арасынан да каза тапкандар бар. Алардын саны азыр такталып жатат», — деди казак президенти.